• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Москвада бир күн ичинде 5 миң 714 адамда коронавирус табылды

5 Бугу 2020 15:56 Бишкек Govori.TV

Москвада бир күн ичинде 5 миң 714 адамда коронавирус табылды. Бул тууралуу Москва шаарынын ыкчам штабы билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурганы аныкталган адамдардын дээрлик 90%ынын жаш курагы 65тен кичүү.

«Коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 46,4%ы – 18-45 жаштагы, 34%ы – 46-65 жаштагы, 7%ы – 66-79 жаштагы жарандар жана 3,3%ы – 80 жаштан улуулар. Ооругандардын 9,3%ы балдар», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Москвада коронавирус жуктурган учурлардын саны 80 миң 115ти түзөт.

Количество просмотров: 112