10-ноябрда Россия Украинанын дрон чабуулуна кабылганын россиялык маалымат сайттары жазып чыгышты. Аба соккусунан коргонуу күчтөрүнүн жардамы менен 32 учкучсуз учактар атылып түшүрүлгөнүн Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди.
Сынган, урандылардан жапа чеккен адам жок. «Россавиация» мекемесинин кабарлаганына караганда Москвадагы үч Домодедово, Жуков жана Шереметьево аэропортторунун ишине чектөө киргизилгени да белгилүү болду.
ТАСС агенттигинин кабаларына караганда, бир нече сааттан кийин аэропорттор кайрадан иштей баштаган.
Ал эми Украина 10-ноябрда 145 дрон менен чабуул жасаганын, анын 62си атылып түшкөнүн билдирди.