• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада Европа аянты Евразия болуп өзгөртүлдү

25 Теке 202414:44 Бишкек Govori.TV

     Орусиянын борбор калаасы Москвада Европа аянтынын аталышы Евразия аянты болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу токтомго 24-июлда калаа мэри Сергей Собянин кол койду.

Европа аянты 2002-жылы Европанын биримдигин чагылдыруучу орусиялык-бельгиялык долбоордун бир бөлүгү катары ачылган. 2023-жылдын март айында ал жерде европалык 48 өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип турган, кийин алардын баары алынып, себеби түшүндүрүлгөн эмес. Ошол эле жерде бельгиялык скульптор Оливье Стребелдин «Европанын уурдалышы» деп аталган эстелиги жайгашкан, ал эми Европа соода борбору 2006-жылы ачылган.

2022-жылы Украинага кол салгандан бери Орусиянын Европа Биримдиги жана АКШ менен мамилеси салкындаган. Батыш орус бийлигин агрессияга айыптоодо, Кремль өзү андай айыптоолорду четке кагып, «атайын аскердик операция» жүргүзүп жатканын айтып келет.

Теги:
Количество просмотров: 140