• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада мончодо сабалган кыргыз жарандары арыз жазуудан баш тартты

15 Чын куран 202511:04 Бишкек Govori.TV

Москвадагы мончолордун биринде зомбулукка кабылган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мончо комплексинде жабыркаган кыргызстандыктар менен жолуккан. Анда кыргызстандыктарга арыз жазуу сунушталып, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк тарабынан укуктук колдоо көрсөтүлөт.

Азыр 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык кое берилди. Кармалган калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошону менен бирге Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү РФ Башкы прокуратурасына, укук коргоо органдарына, анын ичинде ИИМине, Москва шаарынын прокуратурасына, Россиядагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктууга жана башкаларга тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду.

Количество просмотров: 201