• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Москвада COVID-19 вирусун дарылоо үчүн оорукана курулат

11 Жалган куран 2020 9:35 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу interfax.ru басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, оорукана Голохвастово айылына жакын аймакта курулуп, курчоого алынат. Ошондой эле турак жайлар жайгашкан аймактан 250 метр алыстыкта жайгашып, тургундар үчүн коркунуч жаратпайт.

Мэрдин айтымында, шаарда саналуу гана коронавируска кабылган учурлар катталган.

«Кырдаал кандай өзгөрбөсүн, шаар баарына даяр болушу керек», — деп билдирген Собянин.

11-мартка карата дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирусту дүйнө жүзү боюнча жалпы 118 миң 745 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 284ү каза болсо, сакайгандардын саны 65 миң 740 адамды түздү.

Количество просмотров: 188