• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Москвада көчөгө ымыркайын таштаган аял кыргызстандык экени айтылууда

14 Баш оона 202117:10 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва шаарындагы турак үйдүн короосундагы отургучтан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал ымыркайды Кыргызстандын жараны төрөгөн, деп маалымдайт «Telegram-канал Mash».

Ымыркай уул бала. Ал 2-3 күн мурун төрөлгөн деп болжолдоп жатышат. Текшерүү үчүн ооруканага жеткирилгени, ден соолугунун абалы жакшы экени айтылды.

Москванын тергөө комитети бул окуяны тергеп баштады.

Количество просмотров: 128