• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада камактагы 800дөн ашуун аял эркектердин абагына которулду

29 Теке 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Москвада №6 тергөө изоляторунда өрт чыккандан кийин 800дөн ашуун киши эркектердин абагына которулду.

Gulagunet укук коргоо долбоорунун башчысы Владимир Осечкиндин айтымында, аялдар жеке буюмдарын алууга да үлгүрбөй калганын, эркектердин түрмөсүндө орундуктар жок экенин, жакынкы күндөрү миңдеген киши уктай албай турганын айтты.

Өз кезегинде Коомдук байкоочу комиссиянын жооптуу катчысы Алексей Мельников «Бутырка» абагына которулган аялдар тарабынан даттануулар болбогонун билдирди.

27-июлда Москванын Печатники районундагы №6 тергөө абагында өрт чыккан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт жууркан-төшөктөр сакталган кампада чыкканын, 50 чарчы метр жер күйгөнүн маалымдады. Расмий маалыматтар боюнча эч ким жабыркаган жок.

Количество просмотров: 339