Орусиянын борбору Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара жана жана Маданият күндөрү өтөт.
Ага катышуу үчүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Москвага барды.
Расмий сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.