Москвада кыргызстандык 15 жаран миграция режимин бузгандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалды
Москвада кыргызстандык 15 жаран миграция режимин бузгандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалды
26 Аяк оона 201816:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Орусиянын укук коргоо органдары кыргызстандык 15 жаранды миграция режимин бузууга айыптап кармап кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар текшерүүгө алынган соң кайра коё берилген. 11 кыргызстандыкка миграция режимин бузгандыгы үчүн административдик айыппул салынган.
Элчилик ар бир кыргызстандык жаран документтерин өз учурунда Орусия аймактык миграция кызматына жашаган жери боюнча тапшырышы керек экенин жана ортомчулардын кызматын пайдаланбоону сунуштады.
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, …