Москвада Кыргызстандан жана Өзбекстандан барган мигранттардын ортосунда уруш чыкты. Көчө шыпырып эмгектенген мигранттар мушташканын ИИМдин Москва аймагы боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен «РИА Новости» маалымдады.
Окуя тууралуу маалымат кечээ кечинде укук коргоо органдарына жергиликтүү тургундар тарабынан берилген. Айтылган дарекке барган полиция кызматкерлери короодогу чырга катышкан адамдарды кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар катуу жаракат алган эмес.
«РЕН ТВ» телеканалынын маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары футбол беттешинен кийин мушташып кетишкен. Оюнда эреже бузуу болуп, командалардын бири нааразы болгон. Оюнчулар кечинде жолугуп, колуна күрөк жана темир (лом) көтөрүп барышкан.
https://ren.tv/video/embed/629020#autoplay=1;