• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Москвада массалык мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортация болду

15 Баш оона 202112:43 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Москва шаарындагы Кузьминки районундагы калайман мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортация болду. Бул тууралуу Орусиянын Vesti.ru басылмасы жазды.

“Кечээ колуна кишен салынган чет элдиктердин тобу Кыргызстанга депортацияланды. Аларга Орусияга 40 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган”, — дейт аталган басылма.

Июль айында Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам «бейбаштык» беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Аларга каршы үч тажик жараны полицияга арыз жазган.

Количество просмотров: 64