«Уулум камакка алынгандан бери жолугууга мүмкүнчүлүк бербей жатышкан. Бекжан «апам кайда, көрсөткүлө» деп ызы-чуу салгандан кийин мени менен жолуктурушту. Баламдын угуучу аппараты иштебей калыптыр. Ал угуучу аппараты жок болсо ачуулуу болуп, психикалык жактан өзгөрүлө баштайт. Мени көргөндө «эмнеге мага чалган жоксуз, мени издеген жоксуз, сизди тиги дүйнөгө кеткен экен дедим» дейт. Уулумду тынчтандырып окуя тууралуу сурасам «башымды унаага сүздүргөндө үйгө качыш керек деп унаага отурганымды билем, андан кийин эмне болгонун билбейм» дейт. Мен ал окуядан 1 адам каза болгонун, жабыркагандар тууралуу айтсам, эч нерсе эстей албай жатканын айтты. Мындан улам медициналык экспертиза дайындалды. 1 айдын ичинде экспертиза окуя болгон учурда балам аффект абалында болгонун же болбогонун аныктап берет», — дейт Ибраимова.
«Окуя болгондон кийин балабыз күнөөлүү болуп камалат деп эч нерсе кыла алган эмеспиз. Мындан улам санкция жарыяланып балам 2 айга камакка алынган. Азыр жактоочу дайындаганбыз. Учурда ал бардык аракеттерди көрүп жатат. 1-октябрда жактоочунун катышуусунда баламдын соту кайрадан болот. Ал эми жабыркагандардын үчөө учурда ооруканада, алардын абалы жакшы болуп калды. М.Руслан уулуна бүгүн, 19-сентябрда операция жасалып, ийгиликтүү аяктады. Дагы бири жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду, алардын дарылануусу акысыз жүргүзүлүп жатат. Дагы бир жабырлануучунун дарылануусун акысыз кылып сүйлөшүп, документтерин жасатып берейин десем жакындары макул болбой жатат», — деди ал.