• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушту

6 Баш оона 2021 18:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Тараптар ар кыл багыттар боюнча эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Коронавирус пандемиясы учурунда эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү маселелери жөнүндө да сөз болду.

Президент Садыр Жапаров учурда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгы активдүү жана жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан боордош Казакстан менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканына басым жасады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө тең биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу байланыштарды андан ары бекемдөөнү камсыздоого болорун так түшүнөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев боордош эки өлкөнүн — Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин баса белгилеп, өз ара байланыштарды тереңдетүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун Борбор Азия мамлекет башчыларынын бүгүнкү консультативдик жолугушуусунун алкагында жакшы демилгелерди көтөргөнүн билдирип, ал сунуштарды ар кандай эл аралык аянтчаларда колдоого даярдыгын айтты.

Количество просмотров: 220