• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Москвада мушташкан мигранттарга иш козголду

6 Бештин айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Москва шаарынын Машков көчөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандан келген мигранттар мушташты.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, полиция жалпы 11 жаранды кармады. Алардын жетөө кыргызстандык, төртөө өзбекстандык болуп чыкты. Окуя боюнча «майда ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуя боюнча маалымат бере элек. Расмий маалыматта Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 750 миңге чамалуу экени көрсөтүлгөн. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Теги:
Количество просмотров: 514