• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада полиция кызматкери беткап тагынбаган аялга күч колдонуп, сүйрөп кетти (видео)

28 Кулжа 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

Москвада соода борборго келген аялды полиция беткап тагынбаганы үчүн кармап, ага катуу күч колдонгону тартылган видео тасма интернетке тарады. Видеодо полиция кызматкерлери аялды күч менен имараттан чыгарып, аны жерге сүйрөп алып, колуна кишен такканы жана ал өзүн жоготуп койгону тартылган.

ИИМ ал жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежени одоно бузуп, аны кармоо маалында полицияга агрессивдүү мамиле кылганын билдирди. Полицияны соода борбордун кызматкерлери чакырып, аял коюлган талапты аткарбай, тоготпой жатканына даттанышкан.

Ал эжми кармалган аялдын уулу жергиликтүү басылмаларга полиция анын апасын «каршылык көрсөттү» деген негиз менен 15 суткага камоо боюнча административдик иш козгоп, бирок интернеттеги коомдук резонанстан соң коё бергенин маалымдады.

Аялдын жакындары күнөөсүз адамга карата күч колдонгону үчүн полицияга кылмыш ишин ачуу үчүн арыз даярдап жатканы айтылды.

Количество просмотров: 2354