• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Москвада сабалган 11 жаштагы кыз. Бийлик окуяны көзөмөлгө алды

23 Бугу 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

ЖМКда кеңири тараган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факт Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышкан.

«Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.

Количество просмотров: 271