• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөн диаспорасынын төрагасы Москвада сабалган 11 жаштагы кызды алып кетти

23 Бугу 202210:15 Бишкек Govori.TV

Өзгөн диаспорасынын төрагасы Москвада сабалган 11 жаштагы кыргызстандык кызды алып кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.

«Кыздын алыскы туугандары аны Москвага балдарын кароо үчүн алып келишкен. Аны катуу сабашкандыктан кыз катуу коркуп, жалтаң болуп калган», — деп жазды Назгүл Турдубекова.

Эске салсак, Өзгөн районунун Допу айлынан келген 11 жаштагы кыз Москва шаарында туугандары тарабынан сабалган. Анын ата-энеси изделип жаткан. Кийин кыз жашаган үйгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери барган.

Количество просмотров: 119