• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кочкордо жоголгон 11 жаштагы кыз аман-эсен табылды

8 Кулжа 202116:54 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда дайынсыз жоголгон 2010-жылкы Сыдыкова Айтурган аман-эсен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз 6-июнда Нарын облусунун Кочкор райнундагы үйүнөн чыгып Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи май райондук ИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бүгүн, 8-июнда кыз Батыш автобекетинен алыс эмес жерден табылып, райондук милицияга жеткирилген.

Количество просмотров: 778