• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сабалган 11 жаштагы кызды ата-энеси Москвага акча табуу үчүн жөнөткөн

24 Бугу 2022 12:50 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын окуясы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майдан тарта социалдык тармактарда жакындары тарабынан сабалган кыз тууралуу маалымат тарай баштаган. Кызды Орусияга алыскы туугандары балдарын каратуу үчүн алып кетишкен. Жабырлануучу С.Т. 2012-жылы туулган. 22-майда кызга консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Визуалдык кароодо анын көзүнүн тегереги жана колдору көгала болгон. Кызматкерлер кызды аймактык балдар клиникалык ооруканасына медициналык кароодон өтүү үчүн алып барышкан. Ал жерден кыздын денесиндеги көгалалар аныкталган.

«Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунда туулган Т.М. аттуу кыздын жакындары чакырылган. Кийинчерээк алар кошумча иликтөө үчүн Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын ата-энеси Ош облусунун Өзгөн районунда турушат, 2021-жылдын октябрынын аягында алар кызын акча төлөп, жаш балдарды кароого жардам берүү үчүн Орусиядагы туугандарына жөнөтүшкөн. Кыз 4-класста окушу керек болчу, бирок учурда билим албай жатканы аныкталды. Ата-энеси кызынын бала багуусу үчүн болжолдуу түрдө айына 8 миң рубль алып турушкан. Учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн алдын ала текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. ИМосюнь айында 11 жашар кызды үйүнө жөнөтүү пландалып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Москва шаарында 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 1473