• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Москвада сот Юлия Навальнаяны сыртынан камакка алды

10 Теке 2024 10:55 Бишкек Govori.TV

Москванын Басман райондук соту Human Rights Foundation укук коргоо уюмунун жетекчиси жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальнаяны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

Навальная «экстремисттик топтун ишмердүүлүгүнө катышкан» деп айыпталууда. Эки айлык мөөнөт ал Орусияга экстрадицияланган же өлкө аймагында кармалган күндөн тарта эсептеле баштайт.

Москва сотторунун басма сөз кызматы Юлия Навальнаяга издөө жарыяланганын да билдирди. Ошол эле маалда «Медиазона» басылмасы ИИМдин издөөдөгү адамдардын тизмеси жарыяланган базасында Навальнаянын аты-жөнү жок экенин кабарлады.

«Ошондой эле Москва сотторунун сайтында Басман райондук сотундагы отурум жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ачык өткөн сотко эч ким көз салбасын деп бул маалыматтар атайылап жашырылган болушу мүмкүн», – деп жазды басылма.

Тагылган айып боюнча Алексей Навальныйдын жесири алты жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

«Х» социалдык түйүнүнө пикирин жазган Юлия Навальная Орусиянын президенти Владимир Путинди кайрадан сынга алып, аны кезектеги жолу «аскердик кылмышкер жана адам өлтүргүч» деп атады.

Бүгүнкү күндө Юлия Навальная күйөөсүнүн чет өлкөлөрдөгү тарапташтары негиздеген Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү фондунун Байкоочу кеңешин жетектейт.

Количество просмотров: 73