• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Москвада таксист курьерди өлтүрө сүзгөн. Экөө тең кыргызстандык болуп чыкты

6 Аяк оона 2022 12:59 Бишкек Govori.TV

Москвада 3-сентябрда таксист курьерди сүзүп, ал алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу соцтармакта видео тараган. Анда курьерди жол чырактан өтө бериште машина сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Кырсыкка кабылгандардын экөө тең кыргыз жарандары экени малымдалган.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада 3-сентябрда болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берип, кырсыктан теги кыргызстандык 34 жаштагы адам окуя болгон жерде мүрт кеткенин, ал эми аны коюп кеткен таксинин айдоочусу дагы 30 жаштагы кыргызстандык экени белгилүү болду.

Элчилик Орусиянын жарандыгын алган маркумдун сөөгү Кыргызстанга 5-сентябрда жөнөтүлө турганын, айдоочу камалганын кошумчалады.

Количество просмотров: 319