• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Москвада тамак жеткирип иштеген 19 жаштагы кыргыз жаранын өлтүрүп кетишкен

16 Бештин айы 202017:04 Бишкек Govori.TV

Москванын Ясенево районунда үйгө тамак жеткирүү кызматында (курьер) иштеген кыргызстандыкты өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянып жазып чыкты.

«Delivery Club мекемесинде иштеген курьер Ясенево районунда белгисиз адам тарабынан бычакталган. Бычак жүрөккө тийгендиктен жабырлануучу ооруканада көз жумган. Шектүү изделүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бычактан каза тапкан жаран Москвага Кыргызстандан барган 19 жаштагы жигит экендиги аныкталган.

Количество просмотров: 568