• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Москвада Тажикстандын кайрылуусу менен Кыргызстандын жараны кармалды

1 Жалган куран 2022 16:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тажикстандын суроо-талабы боюнча Кыргызстандын жараны З.Досматовдун кармалгандыгы тууралуу маалыматтын таралышына байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт:

2022-жылдын 23-февралында Тажикстандын кайрылуусу менен Москва шаарынын милициясы тарабынан Кыргызстандын жараны З.Досматов кармалган.

2022-жылдын 25-февралында элчиликтин кызматкери милиция бөлүмүнө барып, анын жүрүшүндө кыргыз жаранынын кармалгандыгы аныкталды.

«Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жараны Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда РФнын аймагында болгон. Кыргызстандын жараны З.Досматовго карата козголгон кылмыш ишинин бурмаланганын, ошондой эле ага кылмыш жасаган деген айыптын негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тастыктай турган документалдуу ырастоо күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик тарабынан КР жараны З.Досматовдун укуктарын коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 252