• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Москвада вагондон өрт чыгып, кыргызстандыктардын балдары реанимацияга түштү

8 Бирдин айы 201914:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Москванын батышында өрт болуп, кичикий балдар жаракат алган. Тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Москва” шаардык маалыматтар агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берип кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Родниковая көчөсүндөгү курулушта өрт чыккан. “Өрт болуп жаткан жерден куткаруучулар эки кичинекей кызды алып чыгышкан. 7 айлык ымыркайдын колу жана бети күйгөн, ал эми анын 3 жаштагы эжекесинин бети, кулактары, колдору жана таманы күйүп калган. Балдар кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген”, — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн себеби – электр жабдууларын колдонуудагы коопсуздукту сактабагандыктан келип чыккан.

Жабыркаган кыздардын ата-энесинин өздүгү такталган. Алар 30 жаштагы жана 22 жаштагы Кыргызстандын жарандары. Алар Москванын 3-Михайловск проездинде жашагандыгы такталган.

Учурда Тергөө комитети өрттүн чоо-жайын жана кандай себептер менен балдар жалгыз вагондо болгондугун териштирүүдө.

Количество просмотров: 13