• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада Жапаров катышып жаткан ЖЕЭКтин жыйыны башталды

25 Бугу 2023 16:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү.

Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Эске салсак, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) — Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Россия төрагалык кылууда.

Количество просмотров: 87