• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвада ЖЕЭКтин жыйынында бир катар документтер кабыл алынды (тизме)

25 Бугу 2023 21:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЭК) бүгүн, 25-майда өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынып, кол коюлду.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;

“Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулганына байланыштуу, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына киргизилген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык биримдигинин органдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуусунун шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протолдун долбооруна кол коюу жөнүндө”;

“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө («III Чоң Протокол»)”.

Ошондой эле жыйындын жыйынтыгы менен төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

“2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 «2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө”;

“Евразия экономикалык биримдиктин 2022-жылга эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө”;

“Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

“Евразия экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө”;

“Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме)”;

“Евразия экономикалык комиссиясынын Иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

“Евразия экономикалык биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым тармактары боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө”;

“Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 112 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

“2021-2022-жылдары Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер тарабынан Кызмат көрсөтүүлөрдү, мекемелерди жана иш-аракеттерди соодалоону жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө”;

“Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 7 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

“Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө”.

Количество просмотров: 73