• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Москвада жол кырсыгынан каза болгон жарандардын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

12 Жалган куран 201912:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Москвада кыргызстандык башкарган такси жарык орнотулган түркүктү сүзүп эки адам каза болуп, айдоочу камакка алынган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта катталган. Айдоочу унааны башкара албай, столбаны сүзгөн. Кырсыкта 28 жаштагы аял жана 30 жаштагы эркек киши каза болгон.

«Кыргызстандык айдоочу камакка алынды. Кылмыш иши козголду», -деп билдиришти элчиликтен.

Бүгүн каза болгон жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 16