• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Москвадагы батирлердин биринен кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

24 Бугу 201917:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Үстүбүздөгү жылдын 21- май күнү Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жашаган аял кишинин жансыз денеси табылган.

Аталган факты боюнча Россиянын ИИМдин Пресненск району боюнча нөөмөт бөлүмүнө 19-май күнү саат 23:10 чамасында билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барып, 1979-жылы туулган К.З. аттуу аял кишинин күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилери жок жансыз денеси табылган. Маркум кыргыз экени аныкталып бирок, Орусиянын жарандыгын алганы маалым болгон.

Белгилей кетсек, жогоруда катталган окуя боюнча медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу чыккандан кийин чаралар көрүлөт. Маркумдун сөөгү туугандары тарабынан Кыргызстанга жөнөтүлгөн.


Количество просмотров: 15