Москвадагы карылар үйүндө чыккан өрттө бери дегенде төрт адам набыт болуп, 10 киши жараат алды.
«Новости» агенттиги кабарлагандай, 3-Мякинин көчөсүндөгү «Третий возраст» деп аталган карылар үйүндө өрт 8-апрелде кечки саат тогуз жарымдарда башталган. Кырсыкка электр зымындагы мүчүлүштүк себеп болгону айтылууда.
Тилсиз жоо башталганда 50 киши имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Дагы 18 кишини өрт өчүрүүчүлөр куткарган.
Факт боюнча кылмыш иши ачылды.
Москванын мэри жабыркагандарга тийиштүү жардам берилерин билдирди.
Булак: Азаттык.