• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвадагы массалык мушташ боюнча камакка алынгандар 42 кишиге жетти

15 Теке 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Москвада сот «Кузьминки» метро станциясынын жанындагы мигранттардын калайман мушташына катышкан 30дан ашык кишини административдик мыйзам бузууга күнөөлүү деп тапты.

«Жалпысынан 13-14-июль күндөрү 42 киши күнөөлүү деп табылып, ар бири 15 суткага административдик камакка алынды», — деп жазды», -«Интерфакс» агенттиги соттун басма сөз катчысы Карина Каленовага шилтеме кылып.

Анын айтымында, сот отурумунда камалгандарды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралган жок.

Жакынкы күндөрү мушташтын башка катышуучулары боюнча материалдар сотко жөнөтүлөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин 11-июлда мигранттардын ортосундагы мушташтын катышуучулары Орусиядан чыгарыла турганы кабарланган. Жалпысынан полиция бул иштин алкагында 103 кишини кармаган. Алардын айрымдарына «Чет өлкөлүктөрдүн Орусияда жүрүү эрежелерин бузуусу» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган.

Количество просмотров: 287