Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандарга арналып курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кетти. Ал эми өрттө кыргыз жараны көз жумганы айтылууда. Бул тууралуу социалдык тармакта Кудрет Тайчабаров жазып чыкты.
Анын айтымында каза болгон жаран 40ка таяп калган Кара-Суунун жашоочусу болгон. Мындан тышкары ал оорукананын курулушунда 8000 дей мигрант иштеп жаткан.
Орусиялык ЖМКдын маалыматы боюнча учурда кырсыктын себеби такталып жатат.
Бул курулуп жаткан ооруканадан чыккан экинчи өрт. Биринчи кырсык 1-апрелде катталып, кыргызстандыктар жашаган чатырлар күйүп кеткен.
Оорукана 12-мартта коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу салынып баштаган.