• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Москвадагы кырсык. Чыңгыз эки айга камакка алынды (видео)

19 Кулжа 2018 9:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.06.2018. Govori.TV
Москванын Таган райондук соту Москванын борбордук бөлүгүндө мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен  Анарбек уулу Чыңгызды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович кабарлады.
Эске сала кетсек, 16-июнда Москванын Ильинка көчөсүндө мексикалык футбол күйөрмандарын кыргыз таксисти  сүзүп кеткен. Бул  жол кырсыгына байланыштуу РФтин Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кырсыктан сегиз  адам жабыркап  таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен. Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан.

Анарбек уулу Чыңгыздын иши боюнча соттун жыйынтыгын жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович кабарлады:

Опубликовано Замандаш Кф Понедельник, 18 июня 2018 г.

Количество просмотров: 6