• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвадан Ошко 155 жаран келди

6 Баш оона 2020 8:57 Бишкек Govori.TV

 «Ош» эл аралык аэропортунда Москва—Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам менен Россиядан Кыргызстандын 155 жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар кирди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 62