• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

МСК: 1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат

31 Бугу 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциздик салык салынаарын эскертет.

КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.

КРнын «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.

Кошумча маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алса болот.

Количество просмотров: 53