Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирди жана аны менен катар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси күчүн жоготту. 

Колдонуудагы Бузуулар жөнүндө кодекстеги негизги принциптердин бири жасалган укук бузуу үчүн гуманизм принциби саналат, мурдагы колдонулган Кодекстен айырмаланып жаңы Кодексте өндүрүү чараларынын негизги түрлөрүнүн тизмеси 2ден 14кө чейин кыскартылган.

Алсак, колдонуудагы Кодекске ылайык, эскертүү жана айып түрүндөгү өндүрүү чараларынын эки түрү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде протоколдорду тариздөө жана карап чыгуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөн. Алсак, эгерде жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны талашып-тартышпаган учурда, салык органынын кызмат адамы ага карата бузуулар орун алган жерде өз алдынча жаза колдоно алат.

Ошол эле учурда, бир эле адам тарабынан Кодексте каралган бир же бар нече жосундар жасалган учурда, ар бир бузуу үчүн өзүнчө жаза колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, ишкердик иш жүргүзгөндүгүнө байланыштуу укук бузууга жол берген жеке ишкерлер юридикалык жак катары жоопкерчилик тартышчу. Бузуулар жөнүндө кодексте жеке ишкерлер жеке жактарга теңештирилген.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык болгон салык карызынын өлчөмүндө айып белгиленип келген болсо, учурдагы Кодекстин дагы бир өзгөчөлүгү айыптардын дифференциациясын четтетүү болуп саналат.

Ыктыярдуу төлөө үчүн каралган бир ай убакыттын ичинде айып төлөнбөгөн учурда, туум эсептелинээрин белгилей кетүү зарыл.

Кодекске ылайык соттордо кароо жол-жобосу да жөнөкөйлөтүлгөн. Алсак, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну карап чыгып, райондук (шаардык) соттун судьясы төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду – өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну – канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду – жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү – токтотуу тууралуу.

Даттанууларды кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.