Бишкекте эки күнгө созула турган Элдик курултай өз ишин баштады. Курултайга келген делегаттар бир добуштан колдоп, Улуттук кеңештин курамын бекитти.
Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басарлары болуп Эркинбек Абдыразаков, Баатырбек Исмаилов шайланды.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Жыйынга келгендердин арасынан экс-депутаттарды, коомдук ишмерлерди, саясат талдоочуларды дагы көрүүгө болот.