• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды

10 Бирдин айы 2021 22:40 Бишкек Govori.TV

КР Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы.

Эске салсак, бүгүн Максатбек ажы Токтомушев муфтийлик кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы маалымдалган.

Количество просмотров: 2842