Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов канча акча төлөп, абактан чыкканын айтты.
Ташиевдин айтымында, Матраимовго үч берене менен айып коюлган.
«Райымбек Матраимов акыркы жолу мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. Бул 2 млн доллар эмес, 20 млн доллар эмес, 200 млн доллар. Бул жерде бизнес кылган депутаттар билет, кандай сумма экенин. Сом менен эсептегенде 17 млрд сом болот. Бул акыркы чыкканда төлөдү, буга чейинкисинде дээрлик 2,5 млрд сом төлөгөн. Ошону менен 19,5 млрд сомду бюджетке төктү» , — деди Ташиев.