Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата Биринчи май райондук соту өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп табуу менен 100 миң сом айып пул салган. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
“Сот Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салды. Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, ошондой эле материалдык зыянды төлөгөндүгү үчүн эркиндигинен ажыратылган эмес”, — деп айтылат маалымтта.
Эске салсак, Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу, ал эми 11-ноябрда эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.
Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар акча төлөп, анан абактан чыкканын айткан.
Ташиев ошондой эле Матраимовго үч берене менен айып коюлганын айткан болчу.