• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазиев аткарат

12 Бирдин айы 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Муфтийдин милдетин Жоробай Шаргазыев аткарат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

«Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Учурдагы орун басар — Жоробай ажы Шаргазыев»,-деп билдирди маалымат катчы Максат Атабаев.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы жетекчисин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 10-февралда кечинде кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Атайын кызмат муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга, кылмыштарга Максатбек Токтомушевдин да катыштыгы бар экендигине далилдер алынганын билдирүүдө. Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, муфтий Максат Токтомушевин отставкасын кабыл алган болчу.

Количество просмотров: 316