Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткан алдында күнөөкөр болгон жок. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев дин ааламына карата айтылган коомдук пикир боюнча жасаган билдирүүсүндө айтты.
«Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болорун эсибизден чыгарбайлы», — деди Токтомушев.
Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов телеберүүлөрүнүн биринде экинчи аял алганын тастыктаган. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир даары Жалиловдун аракетин сынга алса, айрымдар буга дин уруксат берерин айтып чыккан. Экс-муфтийдин экинчи аял алышына укуктук баа берүү үчүн прокуратурага арыз жазылып, Жалилов менен милиция кызматкерлери аңгемелешүү өткөргөн.