• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муфтият Баткенде жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түздү

17 Аяк оона 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам штабга муфтияттын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар кирип, райондордун борборлорунда жардам чогултуу пункттарын ачуу боюнча иштер башталды.

Штабдын ишин муфтий Замир Ракиев өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштерин орун басары Абибилла Кадырбердиевге тапшырды.

«Муну менен катар муфтий өлкөдөгү расмий дин кызматкерлерине намаздарда мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин тилеп, дубаларды кылуу жана хатм курандарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди», — деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан райондун борборлорунда ачылган жардам чогултуу пункттарынын даректери боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Количество просмотров: 61