• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муфтият: Быйыл ажыга барчулар биометрикалык паспортсуз каттоого алынбайт

18 Үчтүн айы 2018 15:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv

Быйыл Сауд Аравия ажылык үчүн Кыргызстанга 5400 квота берди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө муфтият быйыл ажылыкка барууну каалагандарды каттоо бир гана биометрикалык паспорт менен жүргүзүлө тургандыктан зыяратчыларды жаңы паспорт алууга чакырат.

Эске салсак,  былтыркы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 4 585 бөлүнгөн.

Количество просмотров: 7