Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Муфтияттын басма сөз катчысы Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратка байланыштуу жагдайга түшүндүрмө берип, элчинин ооз ачардан нааразы болуп, кетип калганын тастыктады. Бирок, элчиси эмнеге капа болуп, эмне үчүн чыр чыгарганын айткан жок.
«Ооз ачууга эки, үч эле мүнөт калган болчу. Коноктор көп болгондуктан ар бирин тосуп алуу менен алек болуп жатканбыз, ал эми элчини биз чыгып бара жатканда гана көрүп калдык. Эмнеден капа болгонуна биз күбө болгон жокпуз»,- деди катчы.
Эске салсак, интернетте Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу тараган.
Анда элчи: “Кеттим мен! Орозо айында ФЕТО террордук уюмунун башчысы менен элчини бир чакырасыңар. Мен сага 35 млн долларга мечит салып берсем, сен мени терроист менен бир орунга коюп жатасың. Айтып коеюн же Түркияны же террордук уюмду тандайсыңар. Мен үчүн мындан кийин муфтият жок!”,- деп чыр салып жатканын көрүүгө болот.