Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыккан.
Бишкек шаардык сотунунун басма сөз кызматынын айтымында, бөгөт чарасы 11-мартта каралган.
12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бекиевдин 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалган.
Атайын кызмат 10-февралда муфтияттын башкы эсепчиси мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаган.
Ошол эле күнү муфтий Максатбек Токтомушев да бул ишке шектүү катары кармалып, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан чыккан.