• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мугалимдер бир жаңсыл, бир багытта иштегени жакшы жыйынтык берет

30 Баш оона 2018 18:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

 27-август күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси болуп өттү. Аталган кеңешмеде Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин 2017-2018-окуу жылындагы жетишкендиктери,кемчиликтери жана жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыктар, алдыдагы милдеттери каралды. Август кеңешмесине Билим берүү кызматкерлеринин  өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев баш болгон шаар жетекчилери, окуу жайлардын ректорлору, билим берүү башкармалыгын кызматкерлери жана мектеп мугалимдери катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Досмуратов Тынчтыкбек Бекташович биздин сайтка башкармалыктын ишмердүүлүгү тууралуу кеп салып берди.
 Ош шаардык билим берүү башкармалыгын усулдук борборунун жетекчиси Досмуратов Тынчтыкбек Бекташович:
  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын аткарган негизги функцияларына токтолсоңуз?
 — Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы орто билим алуудагы конституциялык укуктарын камсыз кылуучу мамлекеттик билим берүү саясатын жүргүзүү жана  окуу-тарбия  процессин  өркүндөтүүгө, коомдун билимдүү жана интелектуалдуу потенциялын калыптандырууга жана жогорулатууга багытталган Ош шаардык билим берүү саясатын  иштеп  чыгуу жана жайылтуу. Андан тышкары үзгүлтүксүз билим берүү системасын камтыган шаардык мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү тармагында чыгармачыл жанылыктарды киргизүү жана өнүктүрүү. Анан, албетте шаардык билим берүү мекемелеринде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын  мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы мекемелерди  камтыган  жана  үзгүлтүксүз билим берүү тармагында чыгармачыл жаңылыктарды киргизүү жана өнүктүрүү. Кошумчалай кетет турган болсом, билим берүү мекемелеринде  мамлекеттик билим берүү  стандарттарынын  аткарылышына  көзөмөл   жүргүзүү, азыркы  талапты  эске  алуу менен чет  элдик  илим  жана          практиканын  жана өлкөбүздүн  акыркы жетишкендиктеринин    негизинде  окутуунун  формаларын  жана усулдарын өркүндөтүү да биздин негизги милдет.
Ош шаарында жалпы мектептердин саны канча, канча мугалим эмгектенет?
 Шаарыбызда мектептердин саны 77ден ашат. Анын ичинен 55 мектеп мамлекеттик мектеп болуп эсептелинет. 53 мектептин ичинен 2 мектеп түз республикага баш ийет, калган 53 мектепбиздин көзөмөлүбүздө. Мектептерде билим берүү кыргыз-орус,өзбек, өзбек-орус жана нукура орус тилдеринде жүргүзүлөт. Ал эми бала-бакчалардан болсо 4 мамлекеттик 4 муниципаиалдык бала-бакча бар. Мындан сырткары 30га жакын жеке менчик бала-бакчалар биздин көзөмөлүбүздө.
Бул мектептердин ичинен «гимназия», «лицей» статусун алган мектептер дагы өз ара бөлүнсө керек?
 20дан ашуун гимназия мектептер, калгандары орто мектеп жана атайын акыл эсинде кемчилиги барлар үчүн көмөкчү мектептерибиз бар.Мындан сырткары Терешкова атындагы жатак мектебин дагы айтууга болот. Ал эми бала-бакчалардын ичинен атайын адистештирилген кургак-учук боюнча эки бала бакчабыз бар. Дагы бирөөсү сүйлөөсү начар болгон атайын адистештирилген бала бакчага кирет. Кошумчалай кетсем инклюзивдик багыттагы №30 бала бакчабыздагы бар.
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова «лицей», «гимназия» деген түшүнүктөрдү жоюп, бирдиктүү мектептик стандарттарды киргизүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча кандай пикир билдире аласыз?
Бул сунуш каазыр биз өйдө-төмөн жооп айта албайбыз. Ошентсе да, бизде чынында эле кээ бир гимназия кээ бир лицейлер өзүнүн милдетин деле аткарбай калып жатканын учуратып жатабыз. Биз мектептердин рейтингин жыл сайын чыгарып турабыз. Гимназия статусун алгандар 15 пайыз кошумча айлык алышатэмеспи.  Мамлекеттин эсебинен атайын ийримдер бар. Предметтер атайын тереңдетилип окутулат.  Кээбир лицей, гимназиялар олимпиаданын жыйынтыгында орто мектептен дагы төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөткөн жагдайлар бар. Кээ бир учурда тескерисинче орто мектептер гимназия, лицейдин милдетин аткарып койгон учурларды дагы кезиктирип жатабыз.  Бул жагын аябай карап чыгыш керек.  Негизи беш жылда бир текшерүүдөн өтөт да бул мекемелер. Анан лицензия дагы беш жылга узартылып берилет,лицей же гимназия макамдары боюнча.  Ошол жерде министрликтин атайын өкүлдөрү келет, алар келип, алардын талапка жооп бергендигин тастыктап лицензиясын берип кетет. Беш жыл бул нерсеге тиймей жок да. Ошондуктан эгерде ошол текшерүүчүлүк курам  чыныгы текшере турган болсо баары максатка ылайык болот.
Билим берүү башкармалыгында мугалимдерди, мектеп директорлорун мектептерге дайындоо сиздердин милдет болуп эсептелеби?
 Мурда бул милдетбиздин мойнубузда болуп, мугалимдердин баары бизден дайындалып кетчү. Азыркы учурда мектеп жетекчилиги жана бала-бакча жетекчилигин гана дайындай алабыз. Ал эми мугалимдерди жана тарбиячыларды тандоо , жумушка кабыл алуу мектептин директорунун өзүнүн ишмердүүлүгүнө жараша болот. Алардын укугунда деп айтсак болот.
Мектептин директорун мектепке жетекчи кылып дайындоодо эмнелерге таянасыздыр? Билим сапатын кантип текшересиздер?
  • Мектеп директору сөзсүзтүрдө педагогика жаатында жогорку билимдүү болуш керек кайсы предмет болбосун.   Андан сырткары буга чейинки кайсы бир деңгээлдеги стажы каралат. Мектепте мугалим болуп буга чейин иштеши керек же болбосо башка билим берүү тармагында иштеп которулуп келиши талапка ылайык каралат. Мына ушул эле негизги критерийлери.
  • Мектептеги билим берүүнүн сапатын сиздер көзөмөлдөп тургандыктан текшерүү бир жылда канча жолу жүргүзүлөт?
  • Ал зарылдыкка жараша болот. Мисалы кайсы бир мектептен кайсы бир маселе боюнча арыз түшүшү мүмкүн, ошол арыздын негизинде кайсы пунктарга даттануулар болсо мына ушул жаатта, мына ушул тематикада текшерүүгө алынат. Анан билим берүү мыйзамы аткарылышы боюнча беш жылда бир графиктин негизинде текшерилет. Беш жылдагы текшерүү сөзсүз болуш керек деген мыйзам жок негизи. Мен айткан жанагы беш жыл деген гимназия,лицейлерге тиешелүү айтылды. Негизи биздин башкармалыктын планында эле беш жылда бир ирет карап коюш керек деген ой бар. Ал эми кээ бир учурда жагдайга жараша бир мектепти он  жолу текшерүүгө алган учурларыбыздагы болот. Кээ бирөө тарбия жаатында, кээ бирөө жеке жанагы кызматтык абал жаатында, кээде окуу процессиндеги чекиликтер боюнча текшерилип калышы мүмкүн.
Мугалимдердин кыскартылганы боюнча кандай пикир кошо аласыз?
 Мугалимдерди кыскартуу боюнча министирлик тарабынан тапшырма келди. Чынында бир мектепте 50 мугалим керек болсо 100 мугалим иштеп жаткан учурлар дагы болгон буга чейин. Бир мугалим 12 сааттан же болбосо  6 сааттан алып,бир предметти бөлүп алып окуткан учурларды көрүп жүрөбүз. Ушул маселени оптималдаштырып, оптималдуу вариантын тандоо максатында бир мугалимдин бир жаңсыл, бир багытта иштесин деген бул жакшы эле. Менин пикиримде бул туура эле чыгарылган чечим болуп эсептелет. Маяна алып туру пжөн эле кирди-чыкты болуп,билим сапатына терс таасирин тийгизишин каалабайбыз биз деле. Сапаттуу мугалимдер калышы керек.
Бул мыйзамдан жыйынтык күтсөк болот экен да жакшы жагына..
  Ооба, бир мугалимдин сааты көп болушу керек жана айлыгы дагы ошого жараша турмуш-тиричилигине жетип турушу шарт. Бул эми ар тараптуу ойлонулуп анан сунушталган маселе деп билем.
Орусиядан мугалимдерди чакыруу зарылдыгы бизде мугалимдердин билимининин төмөндүгүнөн, сапаттуу билим бере албаганынан улам келип чыккан жокпу?
 Жок андай эмес. Азыркы учурда кыргыз тилдүү кадрлар бизде жетиштүү. Орус тилдүү кадрлардын ичинен бул физика,математика предметтеринен айрым учурда жетишсиздик кылат.  Мындан сырткары башталгыч класстардын орус тилдүү мугалимдерине болгон зарылдык күч. Себеби азыр ата-энелер дагы баласын орус тилдүү класска берем деп көп суранып калышты. Орус класска окусун дешет. Орусча базасы жок болсо кантип улап кетет эле?  Келечекте Россияга барып нан таап жеп, акча табаалат деген түшүнүктөн өйдө көтөрүлө албай жатышпайбы ата –энелер!  Айрыкча түштүктөгү ЖОЖдордо орус тилдүү тайпалар дагы аз. Айрыкча ушул башталгыч класстарда. Ошондуктан кадрлардагы аз жетишсиздик кылат. Орус тилдүү класстардын ачылуусу боюнча ата-энелердин дагы талабы күчтүү десем болот. Мына ушул жаатта бизде орус тилдүү кадрлар, башталгыч класс мугалимдерибиз жана айрым учурда физика, математика мугалимдери жетишсиздик кылат.  Ошондуктан Россия менен сүйлөшүүлөр жүргөн болушу мүмкүн. Андан башка себеп болушу мүмкүн эмес.
Демек жетишпеген предметтер боюнча гана мугалимдер келүүсү күтүлөт..
  • Албетте, жетишпеген предметтерден гана андан башка предметтерде муктаждык жок. Кийин буйруса университтеттер бул жаатта жакшы иштесе орус группасын көбүрөөк ачып, же болбосо ата-энелер кыргыз мектептерде деле жогорку билим алып бүтүүсүнө көзү жетип, элдер кичине ойгонуп кыргыз тилдүү мектептер дагы көбөйүп баштаганда бул маселе чечилет го. Бизде негизги ушул эки эле жол турат бул көйгөйдү чечүүдө. Ал эми Орусиядан мугалим алып келип жатканы бул убактылуу жанагы жагдайдан чыгууга багытталган аракет деп ойлоймун.
Жаш мугалимдер мектептерге кандай жол менен жайгаштырылат?
  • Бизде кайсы мектепке, кайсы предметтен мугалим жетишпесе алар бизге табыштама беришет. Ошонун негизинде бизде кадрлар бөлүмү университеттерге билдирүү жөнөтөт. Андан кийин ошол бүтүрүп кеткен айрыкча бюджетти корундагы студенттерди багыт менен мектептерге жөнөтөт. Ошол багыт боюнча келип иштеп жаткан бизде 40ка жакын жаш мугалим бар. Андан сырткары контрактык негизде өз жолу менен келип жумушка орношкондор 70-80 мугалимди түзөт.

Даярдаган: Ысамамат кызы Гүлшат

 

 

Количество просмотров: 57