• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды

16 Чын куран 2024 18:02 Бишкек Govori.TV

ыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Каттоо 16-апрелден 30-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттери:

мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу;
билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү;
педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү;
билим берүүнүн жыйынтыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп эсептелет.

Санариптик арызды жана портфолиону каттоо үчүн http://ncokoit.kg сайтында “Педагогдорду аттестациялоо” бөлүмүндө “Педагогдорду ыктыярдуу аттестацияга санариптик каттоо” бөлүгүндө атайын шилтеме жайгаштырылган.

Бул шилтемеге Google аккаунт аркылуу кирип, берилген форманы туура толтуруп, талап кылынган документтерди PDF форматында жүктөө зарыл.

Количество просмотров: 488