• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Мугалимдердин канча пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү?

19 Баш оона 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын авгусутунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынды. Бул чечим билим берүүнүн сапатын камсыздоо, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен билим берүү процессин салттуу форматта уюштуруу максатында кабыл алынды», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары — Надира Джусупбекова.

Ал айткандай, окуу процессин кадимки салттуу форматта баштоодо коомдук саламаттык сактоо маселелери, салттуу форматтын артыкчылыктары жана тобокелчиликтер, башка факторлор эске алынышы керек.

Жалпысынан республикада COVID-19 инфекциясынын таралышын, ошондой эле Кыргыз Республикасы COVID-19 эпидемиологиялык коркунучунун «сары зонасында», ал эми Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу «кызыл зонасында» экендигин эске алып, жамааттык иммунитетти түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын калкынын 70 пайыздан кем эмесин эмдөө керек.

Бүгүнкү күндө республика боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги уюмдарында, кенже жана техникалык персоналды кошкондо, 152 827 кызматкер иштейт, алардын ичинен төмөнкүлөр эмдөөдөн өтүштү:

  • мектепке чейинки уюмдардын кызматкерлеринин 92,7%;
  • мугалимдердин жана мектеп тарбиячыларынын 51,9%;
  • баштапкы кесиптик билим берүү жаатында эмгектенгендердин 59,4%;
  • орто атайын билим берүү мекемелеринде иштегендердин 41,3%;
  • жогорку окуу жайларында иштегендердин 32,6% эмделишти.

Жалпысынан билим берүү тармагында мугалимдердин 53,6% пайызы эмдөөдөн өттү.

Жыйынтыктап жатып Надира Джусупбекова көптөгөн мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарында кызматкерлеринин 100% эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу белгиледи.

Количество просмотров: 240