• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев,Өкмөт башчы: “Улан коомдогу коррупциянын жүзүн аёосуз ашкерелеген, чынчыл, калеми курч сейрек журналисттердин бири болучу…”

23 Теке 2018 13:52 Бишкек Govori.TV

 Бишкек. 23.07.2018. Govori.TV

28 жашында капилет кырсыктан көз жумган “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаев боюнча Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көңүл сооротуучу сөз жазган. Аны журналист менен коштошуу митинг-реквиеминде КРнын вице-премьери Алтынай Өмүрбекова окуду. Анда мындай деп айтылган.

“Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Бөөдө кырсыктан белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда каза тапты. Али 28 жашка чыкса да, улуттук журналистикада өз ордун таап, эл-журтуна алынып калган азаматыбыздан айрылдык.

Уланбек Эгизбаев коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдүн жүзүн аёосуз ашкерелеген, чынчыл, калеми курч сейрек журналисттердин бири болучу. Дал Уланбек сыяктуу журналисттер коомду терс көрүнүштөрдөн тазалаган, жарандык ачык позициясы бар, нукура мекенчил уул деп аталууга акылуу.

Эгизбаев — «Азаттык» радиосунун үнү да, жүзү да деп айтсак ашыкча болбойт. Ал эл ичинде билинбей жүргөн карапайым каармандарды таап чыгып, кеңири журтчулукка атын чыгарган. Уланбектин «Азыркынын Дүйшөнү» аттуу тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңип келген.

Жаштыгына карабай улуттук журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошту, ташка тамга баскандай мыкты эмгектери менен артынан келаткан кесиптештерине өрнөк калтырып кетти.

Уланбек Эгизбаевдин чынчыл, ак эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Ардак грамота менен сыйланган.

Кыргызстан — сөз, басма сөз эркиндигин туу туткан өлкө. Ачык-айкындык, жарандык көзөмөл өлкөбүздүн демократиялык нукта алгалашына өбөлгө түзүүдө. Дал Уланбек Эгизбаев сыяктуу азаматтар Кыргыз коомунда чынчыл, жоопкер журналистиканын салтын улап жана бекемдеп жатышат.

Аттиң, Уланбек арабыздан өтө эрте кетти. Кабыргабыз катуу кайышып турган чагыбыз.

Өз атыман, Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар!

Мухаммедкалый Абылгазиев,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри”

Эске сала кетсек Улан Эгизбаевдин сөөгү эртең 24-июлда өзү туулуп-өскөн Кочкордун Көк-Жар айылында жерге берилет.

 

Количество просмотров: 14