• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Кендерди иштетүүдө элден эч нерсени жашырылбашы керек!”

10 Бугу 2018 11:07 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV

Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кен тармагына тиешелүү өкүлдөрү менен бирге  «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды.

Анда Өкмөт башчы өлкөдөгү кендерди иштетүү тармагына тийиштүү көңүл бөлүп, андагы өтүп жаткан бардык процесстердин максималдуу түрдө ачыктыгын камсыздоо зарыл экендигин, элден сырт иш-аракеттер  жарандардын ар-кандай суроолорун жаратаарын айтты.

“Кендерди чалгындоо, иштетүү иштеринде жергиликтүү калктан эч нерсе жашырылбай, толук маалыматтар берилип, биргелешип иштөө керек. Кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүү. Процесстин ачыктыгын камсыздоо өлкөнүн инвестициялык беделин чыңдоого өбөлгө түзөт. Тогуз-Тородогу окуя мунун ачык далили”,-деди ал.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков Өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink.  дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтын» ААК жалпы кирешеси 99,5 миллион сомду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 млн сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Ошондой эле 2017-жылы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 млн сомду түзгөн.

 

Количество просмотров: 14